Жалал-Абадда окуучулар өрт кырсыктары боюнча сүрөт тартышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан окуучулар арасында «Өрт – тилсиз жоо» аттуу сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Сынактын максаты – жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктардын алдын алуу, жеткинчектердин өрт коопсуздугу боюнча аң-сезимин жогорулатуу.
Иш-чара Тогуз-Торо районунда жана Таш-Көмүр шаарында уюштурулуп, мектеп мугалимдери жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, алкыш баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Аталган сүрөт сынагы облустун башка район-шаарларындагы мектептерде да улантылат.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×