Ак-Талаадагы 6 мектептин окуучулары бир катар мекемелерге саякат жасашты (сүрөт)

Ак-Талаадагы 6 мектептин окуучулары бир катар мекемелерге саякат жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 6 орто мектептин окуучулары бир катар мекемелерге саякат жасашты. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын инспектору, милициянын капитаны Аманбек Разаков билдирди.

Маалым болгондой, А.Турдакунов, Ж.Сатылганов, Байымбет, А.Абдраимов, С.Атамбеков жана Т.Оторов атындагы орто мектептердин окуучулары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында, райондук ички иштер бөлүмүндө жана райондук тарых музейинде саякатта болушту.

Иш-чарага акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, РИИБдин башчысынын орун басары Улан Кубатов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлмайрам Нурманбетова катышты.

Саякаттын жүрүшүндө окуучулар аталган мекемелердин иштери, коомдогу ролу, укуктары жана иш кеңселери менен таанышышты. Ошондой эле окуучуларды ар кандай кылмыштарга барбоо, татыктуу билим алууга чакырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up