Сокулуктук окуучулар «Кош жылдыз» сынагында ат салышты (сүрөт)

Сокулуктук окуучулар «Кош жылдыз» сынагында ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Г.Капарова атындагы орто мектебинде 5-11-класстардын окуучулары арасында «Кош жылдыз» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин эмгек жамааты билдиришти.

«Ар бир класстан окуучулар тандалып, «Кош жылдыз» сынагына катышты. Сынакта 5 тапшырма берилген. Алгач катышуучулар өздөрүн тааныштырышты. 2-тапшырмада «Мен мектепти келечекте кандай элестетем?» деген темада мектептин макетин жасап көрсөтүшсө, 3-тапшырмада «Мен президент болгондо элиме кандай жардам көрсөтөм?» деген суроого жооп беришти. 4-тапшырма — «Менин хоббим» жана 5-тапшырма «Интермедия» болду.

Жыйынтыгында 1-орунду 8-класстын, 2-орунду 11-класстын жана 3-орунду 9-класстын окуучулары утуп алышты.

«Кош жылдыз» долбоору мектептин директору Күлипа Жаманкуловна, ардактуу мугалим Рафа Тевеева жана башка мугалимдердин демилгеси менен уюштурулду», - дешти аталган мектептин мугалимдери.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up