Канттык окуучулар авиабазага барып, тик учактардын иштегенин көрүштү (cүрөт)

Канттык окуучулар авиабазага барып, тик учактардын иштегенин көрүштү (cүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусундагы Беш-Күңгөй айылында жайгашкан И.Таранчиева, А.Турсуналиев атындагы орто мектептердин, Ивановка айылындагы №1 Ч.Айтматов мектеп-гимназиясынын окуучулары жана «Биздин жеңиш» кыймылынын катышуучулары Кант шаарындагы авиабазага саякат жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада инженерлер окуучуларга аскердик техникаларды, чабуул койгон «СУ-25» учагын, «Ми-8» тик учагын тааныштырып, алардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле аскердик техникалар жөнүндө кызыктуу фактыларды айтып беришип, каалоочулар тик учакка отуруп, сүрөткө түшүштү. Экскурсия маалында окуучулар машыгып жаткан парашютчуларды дагы көрө алышты. Аларга парашют боюнча маалымат беришип, кантип туура байлап, туура секирүү керектигин айтып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up