Сокулуктагы А.Куттубаев мектебинин окуучулары З.Кайназарованын үй-музейинин айланасын тазалашты (сүрөт)

Сокулуктагы А.Куттубаев мектебинин окуучулары З.Кайназарованын үй-музейинин айланасын тазалашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы А.Куттубаев атындагы орто мектебинин окуучулары мугалимдери менен бирге Зууракан Кайназарованын мемориалдык уй-музейинде ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган үй-музейдин директору Замира Сагыналиева билдирди.

«Мектептин директору Айдай Аскарова, анын уюштуруучулук иштери боюнча орун басары Назгүл Бейшеналиева жана эмгек жамааты, окуучулары өз демилгелери менен музейдин айланасын тазалап, ишембилик өткөрүштү. Иш-чарага жалпы 130 окуучу катышты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up