Зарингиз Орозобекова «Жоокер ыры» республикалык сынагында Нарындын намысын коргойт (сүрөт)

Зарингиз Орозобекова «Жоокер ыры» республикалык сынагында Нарындын намысын коргойт (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облустук усулдук билим берүү борбору тарабынан облустук «Жоокер ыры» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, сынактын облустук туруна райондон жеңүүчү деп табылган окуучулар катышты. Иш-чарада Нарын, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы райондорунан, Нарын шаарынан жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан келген окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын жыйынтыгында «Көркөм окуу» номинациясында Нарын районундагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зарингиз Орозобекова жеңүүчү деп табылып, республикалык сынакка катышууга жолдомо алды. Эми ал республикалык сынакта Нарын облусунун намысын коргойт.

Зарингиз буга чейин райондук турда жеңүүчү болуп, облустук сынакка катышууга жолдомо алган болчу. Калыстардын чечими менен ага 1-даражадагы диплом жана баалуу белек тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up