Кызыл-Белес айылындагы мектептин ичинде дагы бир мектеп түзүлдү

Кызыл-Белес айылындагы мектептин ичинде дагы бир мектеп түзүлдү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» түзүлүп, бир катар иштерди алып барышууда. Бул тууралуу аталган мектептен маалымдашты.

Аталган орто мектептин мугалими Гүлзада Жоробекова тарабынан «Энелер мектеби» түзүлүп, бир катар иштер айылдагы энелер менен биргеликте жүзөгө ашырылууда. Максаты — окуучуларга улуттук каада-салттарды үйрөтүү, балдарды жана коомду тарбиялоодо алгылыктуу иштерди аткаруу.

Мектеп ичинде түзүлгөн «Энелер мектеби» алгач Нооруз майрамына карата «Улуттук тамак-аштарды даярдоо жана алардын балдарга пайдасы» деген теманын алкагында улуттук тамак-аштарды жасоонун жолдору, витаминдүүлүгү жана тарыхы туурасында окуучуларга түшүндүрдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up