Санкт-Петербургдагы эл аралык фестивалга Кыргызстандан барган жалгыз команда байгелүү кайтты (видео, сүрөт)

Санкт-Петербургдагы эл аралык фестивалга Кыргызстандан барган жалгыз команда байгелүү кайтты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Санкт-Петербург шаарында ХХ Брянцевск эл аралык балдар театр фестивалы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинин окуучулары катышып, байгелүү кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин жамааты билдиришти.

Маалым болгондой, Санкт-Петербург шаарындагы ТЮЗ сценасында өткөн ХХ Брянцевск эл аралык балдар театр фестивалында Кыргызстандан барган «Биздин бала кездеги театр» аттуу окуучулар командасы алдыңкы орунду алып, дипломдуу болуп кайтышты.

Фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн 5 мамлекет катышты. «Биздин мектептен режиссер Канат Касенов, жетекчи Жалил Абдраимов жана 5 окуучу барышты. Кыргызстан боюнча биздин гана мектеп катышты. Анда окуучулар Ч.Айтматовдун «Кызыл алма» чыгармасынан үзүндү аткарышты. Фестивалда биринчи жолу диплом уюштурулуп, ал биздин окуучуларга энчиленди. Ошондой эле Ленинград облусунун Достук үйүнүн жетекчилери да биздин окуучулардын талантына баа беришип, алар «Весенний праздник народов Ленинградской области» аттуу V этнофестивалына чакырышты. Эң кызыгы, көрүүчүлөр биздин окуучулардан «Ак кеме» чыгармасынан үзүндү аткарып берүүнү суранышкан», - деп билдиришти мугалимдер.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up