ИИМдин Академиясынын окутуучулары ЖОЖдор аралык «Кош жылдыз» сынагын жеңип алышты (сүрөт)

ИИМдин Академиясынын окутуучулары ЖОЖдор аралык «Кош жылдыз» сынагын жеңип алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 26-мартта Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары арасында «Кош жылдыз» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынакты Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштуруп, ага жалпы 9 жогорку окуу жайдын окутуучулары катышкан. Алар: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын, Кыргызстан эл аралык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулары.

Концерттик программа эстрада жылдыздарынын жана бий топторунун коштоосунда өттү. Иш-чаранын башкы максаты — жогорку окуу жайлардын жана алардын окутуучулары арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө.

Сынактын жыйынтыгында ИИМдин Академиясынын окутуучулары — милициянын полковниги Рауль Дементьев менен милициянын капитаны Назира Абдылдаева 1-орунду багындырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up