Ош облустук «Манас таануу» таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Ош облустук «Манас таануу» таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын облустук туру өттү. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кыргыз тили жана адабияты кабинетинин башчысы Ч.Раимбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чара аталган институт тарабынан уюштурулду.

Таймашка облустун бардык райондорунан келген 22 команда катышкан. Анда ЖКдан Ч.Бердибековна, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, белгилүү манасчы Рысбай Исаков, президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Нурзат Асанбекова, Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева калыстык кылышты.

Таймашытын жыйынтыгында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден Ноокат районундагы Н.Крупская, Кара-Суу районундагы «Кызыл-Мехнат» мектептери жеңишке жетишти. Ал эми окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден Кара-Кулжа районундагы М.Абакиров, Алай районундагы Б.Нарматов, Чоң-Алай районундагы Н.Кармышев атындагы мектептердин командалары алдыңкы орундарды камсыздашты. Эми алар «Манас таануу» сынагынын республикалык турунда Ош облусунун намысын коргошот.

Жеңүүчүлөргө Ош билим берүү институтунун баалуу белектери жана сыйлыктары ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up