Геология институтунда Кыргыз-Кытай эл аралык илимий борборунун 5 жылдыгына арналган симпозиум өттү

Геология институтунда Кыргыз-Кытай эл аралык илимий борборунун 5 жылдыгына арналган симпозиум өттү

Билим АКИpress - Академик М.Адышев атындагы Геология институтунда 25-мартта УИАнын курамында иштеп жаткан Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө боюнча Кыргыз-Кытай эл аралык илимий борборунун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум болуп өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, КЭР ИАнын Шиңжандагы бөлүмүнүн вице-президенти, БАЭАЧИИБнын директору Чен Ши, БАЭАЧИИБнын профессору Саламат Аламанов, КР өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев, Казакстан Илимдер академиясынын вице-президенти, БАЭАЧИИБнын со-директору Абдулла Сапаров, Тажикстан Илимдер академиясынын вице-президенти, БАЭАЧИИБнын со-директору Абдусаттор Саидов жана УИАнын жалпы илимий-изилдөө институттарынын директорлору жана илимий кызматкерлери катышышты.

Өз сөзүндө УИАнын президенти М.Жуматаев мааракенин катышуучуларын президиумдун жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди. Жалпыга маалымат иретинде илимий борбордун учурда алып барып жаткан иш-аракеттерине кыскача токтолуп жана маалымат катары аталган борбор 2014-жылы 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын ортосунда Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөндүгүн эске салды.

«5 жыл илимий борбор үчүн аз убакыт экендигине карабай, бир топ илимий изилдөөлөрдүн жүргүзүлгөндүгү, анын негизги жыйынтыгы катары Бишкек шаарындагы Достук айылында орнотулган суу тазалоочу система курулгандыгы илимий борбордогу кызматкерлердин эмгектенип жаткандыгынан кабар берет», - деп кошумчалап өттү ал.

Симпозиумдун катышуучулары мааракеге арналган иш-чарадан соң Достук айылына барып, анда орнотулган суу тазалоочу система менен жеринен таанышып кайтышты.

Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө боюнча Кыргыз-Кытай эл аралык илимий борбору аналитикалык лабораториядан, маалыматтык борбордон жана илимий бөлүмдөн турат. Анда 5 илимий кызматкер, администрациялык бөлүмдө 5 киши, 3 лаборант, инженер жана 1 академик, 2 илимдин доктору, 1 илимдин кандидаты, 3 PhD даражасындагы кызматкерлер эмгектенишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up