Сокулуктагы Ч.Айтматов лицейинин мугалимдери райондук спартакиадада 1-орунга чыгышты (сүрөт)

Сокулуктагы Ч.Айтматов лицейинин мугалимдери райондук спартакиадада 1-орунга чыгышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районунда мугалимдер арасында спартакиада өтүп, анда Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинин мугалимдери 1-орунду багындырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин эмгек жамааты билдирди.

«Район боюнча мектептер 3 зонага бөлүнөт. Биз борбордук зонабыз. Андан утуп чыгып, районго бардык. Райондо болсо 3 зонадан утуп чыккандар ойношту. Анда биз шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол, стритболл, кичи футбол жана волейбол боюнча мелдештерге катыштык. Спартакиадада эң өзгөчөлөнгөнү — бул биздин тайпанын формасы болду. Баарына жакты», - деп билдиришти алар.

Спартакиаданын ачылышына Сокулук районунун акими, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери катышып, сөз сүйлөп, иш-чаранын аягында сыйлыктарын тапшырышты.

Сокулук районунда мугалимдер арасында спартакиада 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up