Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдору кызматташуу тууралуу 7 документке кол коюшту

Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдору кызматташуу тууралуу 7 документке кол коюшту

Билим АКИpress - Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун алкагында кызматташуу тууралуу 7 документке кол коюлду. Форум 27-мартта Бишкек шаарында өтүп жатат.

Кол коюлган документтер:

1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

2. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;

4. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;

5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы менен Оренбург мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;

6. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен Кубань мамлекеттик техникалык университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

7. Ош мамлекеттик университети менен Казань федералдык университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

«Бүгүн бул кызматташуу тууралуу меморандумдар, ал эми эртең реалдуу жыйынтыктар менен реалдуу билимий, илимий-изилдөөчүлүк, инновациялык долбоорлор болушу керек», - деген үмүтүн билдирди президент Сооронбай Жээнбеков форумдун катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up