Билим берүү министри Россия-Кыргызстан кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын атады

Билим берүү министри Россия-Кыргызстан кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын атады

Билим АКИpress - Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жогорку билим берүү тармагындагы өз ара кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи форумунда сөз сүйлөдү.

«Мен өз ара кызматташуу бир канча багыттар боюнча өнүгүшү керек деп ойлойм. Бул билим берүүнүн жана изилдөөлөрдүн санариптик форматтагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, баскычтардын, академиялык жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн тааныткан улуттук квалификациялык системалардын өнүгүшүн мезгилдештирүү, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү программаларын акредитациялоо процедураларын жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууда аракеттерди күчөтүү; рейтингдик системаларды өнүктүрүү», - деп жарыялады министрдин сөзүн ведомствонун басма сөз кызматы.

Ошондой эле Г.Кудайбердиева академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүп, тармактык долбоорлорду кеңейтип, жаштар арасында илимдин жайылышына көңүл бурууну, ар түрдүү маалыматтар базаларын жана ар кандай типтеги биргелешкен илимий борборлорду түзүүнү сунуштады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up