Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылабы?

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылабы?

Билим АКИpress - В.Ломоносов атындагы ММУнун ректору Виктор Садовничий биргелешкен филиалды түзүү маселесин көтөрдү.

Ал 27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи форумунда билдиргендей, буга 6 жолу уруксат берип, кол коюуга баруу үчүн 1 жолу билет алган. Бирок кол коюу ишке ашпай калганын жана күнөө россиялык университетте эместигин белгилеп өттү.

«Кесиптештер, талкуулагыла. Биз буга даярбыз. Москва университети жакынкы өлкөлөрдө 6 филиалын ачты. Эгер силер дагы филиал керек деген чечимге келсеңер, биз кубанычта болобуз. Биз даярбыз. Мына, бул тууралуу жетинчи жолу айтып жатам». - деди В.Садовничий.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up