Ак-Талаадагы мектептерде кеңешмелер өтүп, катуу талаптар коюлууда (сүрөт)

Ак-Талаадагы мектептерде кеңешмелер өтүп, катуу талаптар коюлууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан орто мектептерде педагогикалык кеңешмелер өтүп, катуу талаптар коюлуп жатат. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондук билим берүү бөлүмү, кесиптик бирлик жана райадминистрация тарабынан райондогу жалпы билим берүүчү 18 орто мектепте педкеңешме өткөрүлүүдө. Иш-чарада билим берүү бөлүмү тарабынан окуучуларга татыктуу билим-тарбия берүү, билим сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин иш алып баруусун жакшыртуу, окуучулардын коопсуздугун, өмүрүн сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча олуттуу тапшырмалар берилип, талаптар коюлат.

Андан сырткары, орто мектептерде өткөрүлүүчү «Алиппе» майрамы, акыркы коңгуроо, биринчи коңгуроо сыяктуу жана башка иш-чараларда ата-энелер тарабынан каражат чогултпоо, шаан-шөкөт уюштурбоо боюнча буйрук чыгарылып, катуу тапшырмалар берилгендиги маалым болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up