Нарындагы музыкалык мектептин окуучулары министрге концерт тартуулашты (сүрөт)

Нарындагы музыкалык мектептин окуучулары министрге концерт тартуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинде болуп, алардын иши менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ошондой эле министр окуучулардын чакан концертине күбө болду. Концерттин жүрүшүндө окуучулар комуз чертишип, ыр ырдашып, бий бийлешип, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан сырткары, А.Жаманкулов мектептин эмгек жааматы менен жолугушуп, жыйын өткөрдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up