Нарындык окуучулар комуз чертүүнүн сырларын акысыз үйрөнүштү (сүрөт)

Нарындык окуучулар комуз чертүүнүн сырларын акысыз үйрөнүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучуларына Бишкек шаарындагы «Устат-шакирт» борборунун өкүлдөрү салттуу музыка бюонча 10 күндүк окуу өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Жийде Көкөтаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, «Устат-шакирт» борборунун адистери 10 күндүн ичинде тандалып алынган окуучуларга комуз өнөрүнүн сырларын үйрөтүп, бекер окутушту. Жыйынтыгында билим алган окуучулар мектеп окуучулары менен мугалимдерге, ата-энелерге чакан программада комуздун коштоосундагы ыр, күүлөрдү аткарып беришти. Мектеп жетекчилиги жана ата-энелер уюмдун өкүлдөрүнө ийгилик каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти», - деди Ж.Көкөтаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up