Республикалык «Жоокер ыры» сынагында баш байгени ак-талаалык окуучу Арнус Асанбаев жеңип алды (видео, сүрөт)

Республикалык «Жоокер ыры» сынагында баш байгени ак-талаалык окуучу Арнус Асанбаев жеңип алды (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Арнус Асанбаев республикалык «Жоокер ыры» сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу райондук аскер комиссариатынын аскерге чейин даярдоо инспектору Нурлан Иманкадыров билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынак Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, 6-жолу өткөрүлүп жатат.

«Буга чейин Арнус райондук жана облустук сынактарда эч кимди алдыга чыгарган жок. Республикалык сынакка ар бир облустан, шаарлардан, райондордон жалпы 30дан ашык окуучу катышты. Алардын арасынан Максат Кулуевдин «Жөнө балам айылга» аттуу чыгармасын Арнус өзү аккардеон тартып ырдап, жеңишке жетишти. Сынакка катышууга акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова каражат жагынан колдоо көрсөтүп берди. Арнуска диплом, баалуу белек жана статуэтка тапшырылды. Андан тышкары, КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан уюштурула турчу «Сармерден» оюнуна катышууга жана радиолордун бири түз эферге чакырышты. Сынакта А.Асанбаев гана өзү аккардеон тартып ырдады», - деди Н.Иманкадыров.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up