Нарында «Милициянын жаш жардамчысы» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Нарында «Милициянын жаш жардамчысы» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан мектеп окуучулары арасында «Милициянын жаш жардамчысы» аттуу сынактын облустук туру өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, сынакта Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан келген командалар ат салышты. Иш-чаранын максаты – өспүрүмдөрдү туура кесипке тарбиялоо, ар кандай жат көрүнүштөрдөн алыстатуу, кылмыштуулуктун алдын алуу.

Сынактын жүрүшүндө командалар жол коопсуздук эрежелери боюнча жүрүш көрсөтмөлөр менен чыгышып, 7 тапшырма боюнча суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында 1-орунду Нарын шаарынын «Патруль» командасы, 2-орунду Ат-Башы районундагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин «Чагылган» командасы жана 3-орунду Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева орто мектебинин «Ормон Хан» командасы ээлешти.

Жеңүүчүлөрдү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Алиев куттуктап, кубок, диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up