Аравандагы мектеп директорлору көмөкчү чарба уюштуруу боюнча талкуу жүргүзүштү (сүрөт)

Аравандагы мектеп директорлору көмөкчү чарба уюштуруу боюнча талкуу жүргүзүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Араван районунун А.Сайдахматов атындагы орто мектебинде 27-март күнү «Көмөкчү чарба уюштуруу жана аны максаттуу пайдалануу» деген темада мектеп директорлорунун райондук семинары болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, семинардын биринчи бөлүгүндө А.Сайдахматов орто мектебинин мугалимдери окуучуларга ачык сабактарды өтүштү. Экинчи бөлүгүндө семинардын катышуучулары мектептин көмөкчү чарбасы менен таанышып, өстүрүлүп жаткан лимон, бадыраң, капуста, пияз, картошка, пахталарды көрүштү. Ал эми 3-бөлүгүндө болсо адабий музыкалык кече уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда райБББнын башчысы М.Ахматалиев жалпы катышуучулар аталган мектептин иш тажрыйбасынан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышканын белгилеп кетти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up