Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында жылдын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында жылдын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 27-мартта «Жыл мугалими-2019» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова маалымдады.

Анын айтымында, сынакка 8 мугалим катышып, 8 тапшырма боюнча күч сынашты.

Тапшырмалар:
1. Көрсөтмөлүү сабак;
2. Педагогикалык психологиялык тест
3. Портфолио;
4. Иш тажрыйба;
5. Өзү жөнүндө презентация;
6. Педагогикалык философия;
7. Көрсөтмө куралдар;
8. Хобби.

Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер чыгармачылык ишмердүүлүгүн, таланттарын, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 1-орунга башталгыч класстын мугалими Жазира Тасмаева, 2-орунга кыргыз тили жана адабияты мугалими Назира Маамытканова жана 3-орунга англис тили мугалими Нуркыз Искендерова ээ болушту. Жеңүүчүлөргө диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up