Жогорку кабаттагы унаа токтотмо, тоонун үстүндөгү асма жол: Ошто жаш ойлоп табуучулар сынагы өттү (сүрөт)

Жогорку кабаттагы унаа токтотмо, тоонун үстүндөгү асма жол: Ошто жаш ойлоп табуучулар сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарында 27-март күнү «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз - 2019» аталышында жаш ойлоп табуучулардын сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка окуучулар заман талабына жооп берген жаңы технологиялардын макеттерин жасап, алып келишкен: азыркы көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабатына курулуучу унаа токтотуучу жайдын макети, Сулайман-Тоонун үстүнөн өткөрүлгөн асма жол, суу тазалоочу прибордун макети, айыл чарбага керектелүүчү техникалар жана башка кызыктуу табылгалар.

Сынакка Ош облусундагы бардык район-шаарлардан окуучулар келишкен.

Аталган иш-чаранын ачылышына Ош технологиялык университетинин биринчи проректору Кубаныч Мансуров, Ош облустук билим берүү институтунун башчысынын орун басары Асан Артыкбаев жана окуу жайлардын мугалимдери катышты. Алар катышуучуларга каалоо-тилектерин айтып, ийгилик каалашты.

Сынактын уюштуруучусу, Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Рахман Назаровдун айтымында, сынакка 7 райондон 100дөн ашуун окуучу катышты. Алардын ичинен эң мыкты 18 окуучу тандалып алынып, жеңүүчүлөр республикалык жана эл аралык сынактарга катышат.

«Бул сынак 28 жылдан бери жыл сайын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен өткөрүлөт. Мында район-шаарлардан жеңүүчү деп табылган окуучулар өздөрү ойлоп тапкан табылгалары менен келишет. Бул иш-чаранын негизги максаты — техникалык-инженердик багытка даярдоо, таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү. Бизде 7 номинация каралган», - деди Р.Назаров.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up