Москва районунун акими Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи менен таанышты (сүрөт)

Москва районунун акими Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Москва районунун акими Өмүр Ногоев Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи менен таанышты. Бул тууралуу аталган лицейдин директору Сагынбек Чагарбаев аймактык кабарчыга билдирди.

«Райондун акими Ө.Ногоев биздин кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, өзгөчө өлкөбүз муктаж адистерди сапаттуу даярдоого басым жасады. Окуу жайыбыздын күнөсканасындагы помидор, бадыраң, гүлдөрдүн көчөттөрүн көрүп: "Жаштарды эмгекке тарбиялоо зарыл. Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу-көрктөндүрүү көчөт өстүрүүдөн башталат. Жаштарды эмгекчилдикке үйрөтсөк, эртеңки турмушка даяр болот" деди. Бизде окуу-тажрыйба аянтчабыз бар. Жакында көчөттөрдү отургуза баштайбыз. Аларга окуучуларыбыз кам көрүп, түрдүү тажрыйбаларды жүргүзүшөт», - дейт С.Чагарбаев.

Учурда №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейинде 434 окуучу билим алууда. Аларга бир маал ысык тамак берилет. Эң мыкты окугандар 250-500 сом өлчөмүндө стипендия алышат. Лицейде айыл чарба боюнча устат, трактор-айдоочу, газ жана электр менен ширетүүчү, айыл чарба унааларды оңдоо устаты жана чарба ээси (тигүүчү, ашпозчу, чачтарач) адистери даярдалат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up