НМУнун ректорлук кызматына 4 талапкер ат салышат (аты-жөнү)

НМУнун ректорлук кызматына 4 талапкер ат салышат (аты-жөнү)

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо 2019-жылдын 6-апрелинде өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруу комитетинин катчысы Б.Жусуева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, НМУнун ректору кызматына 4 талапкер катталды. Алардын арасында университеттин мурунку ректору Дамира Өмүралиева да бар.

Талапкерлердин тизмеси:

Аты-жөнү

Кызматы

Окумуштуулук даражасы

Окумуштуулук наамы

1.

Дамира Өмүралиева

НМУнун экономика кафедрасынын профессору

Экономика илимдеринин доктору

Профессор

2.

Таштанбек Сияев

НМУнун педагогика кафедрасынын профессору

Педагогика илимдеринин доктору

Профессор

3.

Нурбек Андабеков

КМЮАнын Юридикалык колледжинин директору

Юридика илимдеринин кандидаты

Доцент

4.

Адилет Жантаев

НМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору

Филология илимдеринин кандидаты

Доцент

Учурда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун убактылуу милдетин илим боюнча проректор Нарынкүл Чоробаева аткарып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up