Васильевкадагы №1 мектепте экстремизм жана терроризмдин терс таасирлери тууралуу айтып беришти (сүрөт)

Васильевкадагы №1 мектепте экстремизм жана терроризмдин терс таасирлери тууралуу айтып беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун №1 Васильевка орто мектебинде атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Жыйынга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын адиси, ички иштер бөлүмүнүн 10-башкармалыгынын кызматкери, Улуттук коопсуздук комитетинин тиешелүү өкүлү, райондук жана жергиликтүү мечиттердин имамдары, жогорку класстардын окуучулары, мектеп директору жана жамааты, социалдык педагогдор, ата-энелер, айыл аксакалдары катышты.

Иш-чаранын максаты — диний экстремизмдин жана терроризмдин терс таасирлерин, расалык басмырлоонун алдын алуу, жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз мамилени, өз өмүрүнө кол салуусун болтурбоо, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө.

Жолугушуу учурунда кулач алып бара жаткан диний экстремизмдин жана тероризмдин пайда болушу, анын карапайым элге тийгизген таасирлери жана анын кесепетинен келип чыккан келишпестиктер тууралуу катуу талкуу жүрдү. Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү диний абал тууралуу так маалыматтар берилип, окуучулар кызыктырган бир катар суроолоруна жооп алышты.

Бул иш-чара Аламүдүн райадминистрациясынын башчысынын кабыл алган буйругуна ылайык, райондун бардык билим берүү уюмдарында ушул жылдын март айынан май айынын аягына чейин өткөрүлмөкчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up