Кара-Көлдөгү №5 мектепте мөмө-жемиш бактары отургузулду

Кара-Көлдөгү №5 мектепте мөмө-жемиш бактары отургузулду

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Кетмен-Төбө айылындагы №5 Хуриев атындагы орто мектеби 312 миң 269 сомдук ашкана жабдыктары менен камсыз болду.

Бул иш 2018-2019-окуу жылында «МерсиКо» уюмунун «Башталгыч класстын окуучуларын тамактандыруу» долбоору менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылды. 2018-жылдын 11-октябрынан баштап аталган мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ысык тамак иче башташкан.

Андан тышкары, Хуриев орто мектебине «МерсиКо» уюму тарабынан «Балдарды тамактандыруусун жакшыртуу үчүн жүргүзүлүп жаткан мөмө-жемиш бакчасы» долбоорунун алкагында 135 миң 285 сомдук жардам бөлүндү. Ал каражатка 45 түп алма, 40 түп өрүктүн көчөттөрү сатылып алынып, мугалимдер жана ата-энелер менен бирдикте мектеп айланасындагы бөлүнгөн жерге отургузулду.

Ата-энелер да 31 миң 650 сом өлчөмүндө жардам көрсөтүшкөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up