Эл аралык ойлоп табуучулар сынагына Кара-Балта шаарынан 2 окуучу катышат

Эл  аралык ойлоп табуучулар сынагына Кара-Балта шаарынан 2 окуучу катышат

Билим АКИpress - Токмоктогу балдардын чыгармачылык үйүндө «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу сынактын Чүй облустук туру өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Балта шаарындагы балдардын чыгармачылык үйүнүн директорунун окуу-тарбиялык иштер боюнча орун басары Гүлнара Туленова аймактык кабарчыга айтып билдирди.

«Биз Жайыл районунан бардык. Сынакка Кара-Балта шаарындагы №11 орто мектебинин 5-классынын окуучусу Алан Абдыжапаров жана №10 А.С.Макаренко атындагы инновациялык-гимназия орто мектебинин 10-классынын окуучусу Гулу Гулиева катышты.

Өзгөчө, А.Абдыжапаровдун «Лумавен» кемеси жана Г.Гулиевдин «Самын жасоо жана аны пайдалануу» илимий-химиялык тажрыйбасы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Алан «Лумавен» кемеси менен кыялында Айда жашап көрөт. Ал эми Гулу кадимки эле самынды түрдүү химиялык элементтердин кошулмасынан жасап, аны пайдалануу ыкмаларын да чагылдырган. Окуучулардын мындай ойлоп табуучулук иштерин — жаш окумуштуулардын эмгеги десек жарашат. Албетте, чакан эмгек болгону менен ага канчалаган билим, теориялык жана практикалык күч-аракеттер жумшалган. Облустагы башка райондордон келген окуучулардын эмгектери да өзгөчө. Ар бири түрдүү номинацияда өз эмгектерин коргоп, изилдөөчүлүк, ойлоп табуучулук иштерин коргоп беришти. 21-кылымдын интеллектуалдарынын ой жүгүртүүсү өзгөчө. Илимий-техникалык прогресстин өсүү темпи, санариптештирүү ыкчам аракеттери балдардын билим алуусуна өзгөчө таасир бергендигин тастыктап турат», - деп айтып берди Г.Туленова.

«Сынактын облустук туру жогорку деңгээлде өттү. Жакында боло турган эл аралык сынакка Чүй облусунан 6 окуучу катышса, алардын экөө Кара-Балтадан болгону — биздин балдардын чыгармачылык үйүнүн ишинин ийгилиги десек жаңылбайбыз», - деди Кара-Балта шаарындагы балдардын чыгармачылык үйүнүн директору Тынара Сулайманова.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эл аралык «21-кылымдын кадрлары» сынагы 2019 жылдын 16-апрелинде Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн балдар катышат. Ал «Алтын түйүн» республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулуп, финалдык туру «Рух ордо» комлексинде жыйынтыкталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up