Кара-кулжалык окуучу Бекзат Сагынбек уулу — Оштогу жаш ойлоп табуучулар сынагынын жеңүүчүсү (сүрөт)

Кара-кулжалык окуучу Бекзат Сагынбек уулу — Оштогу жаш ойлоп табуучулар сынагынын жеңүүчүсү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Кулжа районунун №2 М.Байымбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Бекзат Сагынбек уулу Ош облустук «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» сынагында 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аталган мектептин физика мугалими Нурниса Суранбаева билдирди.

Анын айтымында, Бекзат буга чейин да бир нече жаңы табылгаларды ойлоп таап, сынактарда байгелүү орундарды алып жүргөн. «Бекзат мектепте жакшы окуйт, үлгүлүү окуучу. Чоң энесинин айтымында, ал кичинесинен бир нерсени экинчи нерсеге туташтырып, өзгөчө техникалардын моделдерин жарата койчу. Балдар менен ойнобой, бир нерселерди эле чукулап отура берчү. Азыр Бекзат 10-класста окуйт. Өткөн жылы кайык жасап, Бишкектеги эл аралык сынакка катышып, 2-орунду алган. Ага чейин да райондук, облустук сынактардан биринчиликти алып жүргөн.

Быйыл «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы боюнча «Робот кол» моделин жасаган. Ошто болуп өткөн сынакта 100дөн ашык жаңы ойлоп табылган моделдердин арасынан 1-орунду алды. Эми Бекзат республикалык жана эл аралык сынакка катышат. Буюрса, ал жактан да жакшы орундарга жетишебиз деген ниеттебиз. Бекзат мектепте башка балдарга да ушундай нерселерди жасоону үйрөтөт. Бул окуучубуздун келечеги кең, ага колдоо керек», - деди Н.Суранбаева.

Ал эми Бекзаттын айтымында, бала чагында робот оюнчуктарды көп ойногондуктан, алардын кантип жасалышына кызыгуусу арткан.

«Мен кичинекей кезимде робот оюнчуктардын кыймылын көрүп, алардын кантип кыймылга келип жатканына кызыга берчүмүн. Бузулуп калган оюнчуктарды бири-бирине улаштырып, өзгөчө оюнчуктарды жаратып койчумун. Кийин өзүм робот оюнчуктарды ойлоп таап, жасап, райондук сынактарга катышып баштадым. Табылгалардын арасынан өзгөчө деп табылып, баш байгелерди алып жүрдүм. 2 жылдан бери республикалык жана эл аралык сынактарга катышуудамын. 27-мартта Ошто болуп өткөн сынакта биринчиликти алып, Ысык-Көлдө өтүүчү сынакка катышууга жолдомо алдым. Бул «Робот кол» моделин түзүп чыгууга 2 миң сом кетти. Каржы маселесинде ата-энем жардам берет», - деди Бекзат.

Ош шаарында өткөн жаш ойлоп табуучулар сынагынын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

«Жаңы теориялык иштемелер жана моделдер» номинациясы боюнча:

- 1-орун — Алай районунун №27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин окуучусу Таалайбек уулу Эрлан «Жүн ийрүү», «Чөп кескич» долбоору менен.

«Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы боюнча:

- 1-орун — Алай районун Абжапаров атындагы орто мектебинин окуучусу Даниэл Бекмамат уулу «Жер сүрүлүүнүн алдын ала билүүчү түзүлүш» долбоору менен.

«Энерия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар» номинациясы боюнча:

- 1-орун — Алай районунун С.Эсенов атындагы орто мектебинин окуучусу Равшан Уланбек уулу «Генератор» долбоору менен.

«Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясы боюнча:

- 1-орун — Алай районунун С.Ашимов атындагы орто мектебинин окуучусу «Эки дос» темасындагы мультфильм менен.

«Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы боюнча:

- 1-орун — Кара-Кулжа районунун М.Байымбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Бекзат Сагынбек уулу «Робот кол» долбоору менен.

Шахмат боюнча:

- 1-орун — Ноокат районунун балдар чыгармачыл борборунан «Абдибаитов Жеңишбек» командасы.

Астрономиялык турнир боюнча:

- 1-орун — Кара-Суу районунун №41 Т.Бердибеков атындагы орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Наса» командасы.

Жеңүүчүлөр Ысык-Көл облусунда өткөрүлүүчү эл аралык сынакка катышууга жолдомо алышты. 2-3-орунду алган окуучулар Ош технологиялык унверситетинин баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланышты. Аталган окуучуларды даярдаган мугалимдер Ош билим берүү институтунун грамотасы менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up