Аравандагы бала бакчалардын жетекчилери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселесин талкуулашты (сүрөт)

Аравандагы бала бакчалардын жетекчилери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселесин талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунун Араван районуна караштуу «Гүлбаар» бала бакчасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча райондук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын айтымында, иш-чарага Ош билим берүү институтунун адиси Ж.Кудайкулова, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү М.Алибаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ахматалиев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Б.Турдубаев райБББнын жетектөөчү адиси У.Токуров, усулчусу Ю.Рахимкулов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Араван райондук бөлүмүнүн адистери М.Абаев, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитов жана райондогу бардык бала бакчалардын жетекчилери катышышты.

Семинар 3 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө «Мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги окуу-тарбия иштери», 2- бөлүгүндө «Өзгөчө кырдаалдар боюнча практикалык сабак», 3-бөлүгүндө «Эмгекти коргоо» темалары боюнча кызуу талкуу жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up