Аравандагы А.Навои мектебинде райондун кыргыз тилчи мугалимдери чогулушту

Аравандагы А.Навои мектебинде райондун кыргыз тилчи мугалимдери чогулушту

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Араван районундагы А.Навои атындагы орто мектебинде «Мамлекеттик тилди окутууда заманбап технологиялардын ролу» деген аталышта райондук семинар өттү.

Иш-чарага райондогу бардык мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Калбү Эргешбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Ахматалиев, кыргыз тил боюнча усулчулар Зейнегүл Маманова, Сайрагүл Байбураева катышты.

Семинардын 1-бөлүгүндө келген коноктор көргөзмөлөргө күбө болушту. 2-бөлүгүндө мугалимдер ачык сабактарды өтүштү. Ал эми 3-бөлүгүндө «Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын утурлай» аталышында адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мугалимдердин иш тажрыйбасын жана жаңы технологиялар менен сабак өтүүнүн жаңы усулдарын жайылтуу.

Семинарда мугалимдер жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо усулдарын, жаңы технологиялык усулдар менен иштөөнүн жолдорун үйрөнүп кетишти.

WhatsApp Image 2019-03-28 at 15.01.42

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up