Баткендик окуучулар Ташкенттеги дүйнөлүк олимпиададан ийгиликтүү кайтышты (сүрөт)

Баткендик окуучулар Ташкенттеги дүйнөлүк олимпиададан ийгиликтүү кайтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен шаарындагы «Кызыл-Жол» орто мектебинин 10 окуучусу Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиададан ийгилик менен кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, олимпиада 23-24-март күндөрү өтүп, 7 өлкөдөн 361 окуучу катышкан.

Мелдеште 11-12 жаштагы балдар арасында Фатима Ашимбаева 2-орунду ээлесе, 13-16 жаштагы балдар арасында Жумагүл Алимкулова 2-орунду, Руслан Рысбаев 3-орунду алышты.

Олимпиадага катышкан окуучулар «Интеллек Баткен» окуу борборунда даярданышкан. Окуучуларды «Кызыл-Жол» орто мектебинин мугалимдери Инабат Алимова жана Аида Абдыгапарова коштоп барышты. Аталган окуу борборунун окуучулары жай мезгилинде Казакстандын колдоосу менен Ысык-Көлдө өтө турган менталдык арифметика боюнча олимпиадага жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up