Жаңы-Тилек айылындагы мектепте карагайдын көчөттөрү отургузулду (видео, сүрөт)

Жаңы-Тилек айылындагы мектепте карагайдын көчөттөрү отургузулду (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин бакчасына 20 түп карагайдын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, 30-март күнү мектептин бакчасына айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында райондук токой чарбанын колдоосу менен көчөттөр отургузулду. Көчөттөр «Ак-Тал» токой коругунан алынып келген.

Көчөт отургузууда мектептин жалпы жамааты эмгектенди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up