Ак-Талаада окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Ак-Талаада окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 6 орто мектептин окуучуларынын ортосунда волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Аманбек Разаков билдирди.

Маалым болгондой, РИИБ тарабынан Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жол бербөө, окуучулардын бош убактысын туура колдонуу максатында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү. Анда Жоробек Сатылганов, Асанаалы Абдраимов, Аскар Турдакунов, Муса Баетов, Сүйүнбек Атамбеков жана Байымбет атындагы орто мектептеринин окуучулары беттешти.

Мелдешке айыл өкмөт башчылары, РИИБ кызматкерлери, мектеп директорлору катышты.

Мелдештин соңунда 1-орунду Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектеби, 2-орунду Тоголок Молдо айылынын Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби, 3-орунду Ак-Кыя айылынын А.Абдраимов атындагы орто мектеби камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up