Ак-Моюн айылынын мугалимдери ачык сабак өтүшүп, окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты (сүрөт)

Ак-Моюн айылынын мугалимдери ачык сабак өтүшүп, окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектебинде «Билим — дарак, эмгек анын мөмөсү» деген темада облустук семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Эсенбүбү Кадырова маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарада облустун билим берүү тармагынын өкүлдөрү мугалимдердин ачык сабактарына катышып, билим берүүдөгү педагогикалык иштердин күбөсү болушту.

«Айрыкча, 11-класстын окуучулары тарабынан даярдалган «Тарыхы болбой эл болбойт» деген темадагы кыргыз элинен жана Ак-Моюн айылынан чыккан чыгаан инсандар тууралуу сахналаштырылган адабий-музыкалык кече катышуучулардын көңүлүн бурду. Анда окуучулар тарыхый инсандардын эмгектерин таасын чагылдырып, өтөгөн эмгегин мисалдар менен баяндап беришти. Мындан сырткары, музыка, кол эмгек, кыргыз тили, тарых сабактарынын мугалимдери да өз предметтери боюнча даярдаган ачык сабактарын көрсөтүштү.

Мектептин өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин катышуучулары өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр ырдап, бий бийлешип, катышуучулардын көңүлүн көтөрүштү. Ал эми кол эмгек сабагынан окуучулар үйрөнгөн тамак-аштардын түрлөрүн жасап, кол өнөрчүлүк чеберчиликтерин даңазалашты. Семинардын жыйынтыгында анын катышуучулары өтүлгөн сабактар боюнча ой-пикирлерин билдиришип, сунуштарын айтышты. Иш-чаранын соңунда директордун тарбия иштери боюнча орун басары Бекболот Султангазы уулунун жетекчилиги менен даярдалган жаш мугалимдердин чакан программадагы концерти тартууланды.

Учурда мектепте 47 мугалим эмгектенсе, 382 окуучу билим алууда. Үстүбүздөгү окуу жылынын 1-жарым жылдыгында билим сапаты 48%ды түздү», - деди Э.Кадырова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up