Ат-Башыда бала бакчалардын музыкант мугалимдери чогулуп, бөбөктөр таланттарын тартуулашты (сүрөт)

Ат-Башыда бала бакчалардын музыкант мугалимдери чогулуп, бөбөктөр таланттарын тартуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башыда бала бакчалардын музыка мугалимдеринин семинары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын №2 А.Курманалиев атындагы балдар бакчасында райондогу музыка мугалимдери ачык сабактарды өтүштү. Иш-чарага райондогу бала бакчалардын музыка мугалимдери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышкан.

«Бизге райондук билим берүү бөлүмүнөн райондук деңгээлде музыка сабагынан ачык сабак өтүп бересиңер деген тапшырма берилген. Бүгүн ошол семинарды өткөрүп жатабыз. Бул семинарга райондогу бардык бала бакчалардын музыкант мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү келип, катышып жатышат. Балдар менен ачык сабактар өтүлүп, ар кайсы улуттардын ыр-бийлери аткарылды», - деди аталган балдар бакчанын директору Таалайкүл Асаналиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up