Ысык-Атада спартакиаданы жеңген мугалимдер сыйланышты (сүрөт)

Ысык-Атада спартакиаданы жеңген мугалимдер сыйланышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 47 мектептин мугалимдери арасында уюштурулган спартакиаданын финалдык беттеши өттү. Анда №1 Ч.Айтматов атындагы Ивановка мектеп-гимназиясы командалык эсепте 1-орунду алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач мугалимдер айыл аймактарына жараша 4 тайпага бөлүнүштү. Тайпалар өз ара ойношуп, эң күчтүүлөрү финалга чыгышкан. Бул спартакиаданы Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү уюштуруп, алдыңкы орундарды жеңген тайпалар райондун громаталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №1 Ч.Айтматов атындагы Ивановка мектеп-гимназиясынын мугалимдери, 2-орунду Сын-Таш орто мектебинин мугалимдери жана 3-орунду Туз мектебинин мугалимдери жеңип алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up