Кара-Сууда мугалимдер менен ата-энелердин байланышын күчөткөн конференция өттү

Кара-Сууда мугалимдер менен ата-энелердин байланышын күчөткөн конференция өттү

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы Шарк жана Нариман айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө мугалимдер менен ата-энелердин мамилесин күчөтүү, алакасын арттыруу максатында биргелешкен конференция уюштурулду.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, конференцияда ата-энелер акыркы убакта мектеп менен байланыш болбой жатканын айтышса, мугалимдер ата-энелер тараптан балдарга жакшы көңүл бурулбай жатканын айтышты. Конференцияга акимдин орун басары Мехриниса Жороева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова, айыл өкмөт башчылары, РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматерлери катышты.

Ата-энелер менен мугалимдердин биргелешкен жыйынында 1-4-класстардын окуучуларына ысык тамак уюштуруу, ата-энелер менен окуучулардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, балдардын бош убактысын туура пайдалануу боюнча маселелер талкууланды. Биргелешкен жыйын окуучулардын арасындагы суциддин алдын алуу, балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоону көздөйт.

Иш-чаранын соңунда мектеп мугалимдери менен тыгыз байланышта болгон ата-энелерге райондук билим берүү бөлүмү тарабынан грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up