Оштогу балдар чыгармачыл борборунун окуучулары канаттууларга уя жасашты (сүрөт)

Оштогу балдар чыгармачыл борборунун окуучулары канаттууларга уя жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облустук балдар чыгармачыл борборунда Канаттууларды коргоо күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган борбордун усулчусу Калыскан Ахматова билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — балдарды жаратылышты сүйүүгө жана ага аяр мамиле жасоого чакыруу, жаратылыштын жарым бөлүгү болгон канаттууларды коргоо.

«Бүгүн, 1-апрель — Канаттууларды коргоо күнү. ОБЧБнын улуттук маданият жана тил, көркөм кол өнөрчүлүк, техникалык чыгармачылык жана экология, туризм багытындагы ийримдердин окуучулары канаттуулардын уясын жасап, ар түрдүү куштардын сүрөттөрүн тартып, макеттерин көргөзмөгө коюшту. Ийрим мугалимдери, окуучулар канаттуулар жөнүндө кеңири маалыматтарды беришип, театралдаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты. Эң жакшы уя жасаган окуучулар баалуу белектер менен сыйланышып, мыкты уялар бактарга илинди. Иш-чаранын соңунда Ош балдар чыгармачыл борборунун директору Рахманберди Назаров окуучуларга ыраазычылыгын айтты», - деди Калыскан Акматова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up