Ат-Башыда окуучуларга методикалык ыкмалар менен жол эрежелерин түшүндүрүштү

Ат-Башыда окуучуларга методикалык ыкмалар менен жол эрежелерин түшүндүрүштү

Билим АКИpress - Ат-Башыдагы мектепте башталгыч класстардын мугалимдери үчүн жаңы методикалык ыкмаларды колдонуу боюнча семинар өтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Ат-Башы айылынын А.Керимбаев атындагы орто мектебинде өткөн иш-чаранын максаты — инновациялык технологияны колдонуу менен окуучулардын жетишкендиктерин баалоо.

Семинарга райондогу 21 мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чарада жаңы методикалык ыкмалар менен окуучуларга жол эрежелери түшүндүрүлүп, көркөм окуу, математика, орус тили, мекен таануу сабактары боюнча ачык сабактар өтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up