Нарындагы «Садык ата» бала бакчасында ата-энелер сармерден оюнун өткөрүштү (сүрөт)

Нарындагы «Садык ата» бала бакчасында ата-энелер сармерден оюнун өткөрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районундагы «Садык ата» бала бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери арасында сармерден оюну өтүп, сүмөлөк кайнатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — ата-энелер менен бирдикте кыргыз элинин унутта калган тамак-аштарын балдарга тааныштыруу.

Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер балдарга тамак-аштардын түрлөрүн, аларды жасоо жолдорун көрсөтүп беришип, сүмөлөк ооз тийгизишти. Ошондой эле кыргыз элинин ырларын ырдашып, эне тилди даңазалаган ыр-бийлер аткарылып, жаңылмачтарды айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up