Сүрөт — Бишкекте республикалык олимпиаданы жеңген окуучулар сыйланышты

Сүрөт — Бишкекте республикалык олимпиаданы жеңген окуучулар сыйланышты

Билим АКИpress - Бишкек шаарында бүгүн, 2-апрелде республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы орундарды алган окуучуларга сыйлык тапшыруу аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, окуучулар жана мугалимдер катышты.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 1-орунду багындырган окуучуларга ноутбук, 2-3-орундарды ээлегендерге электрондук китептерди окуу үчүн курал жана 4-орунду алгандарга китеп сатып алууга сертификаттар тапшырылды.

Ошондой эле байге ээлерин олимпиадага даярдаган мугалимдерге да ардак грамота жана Ысык-Көлдөгү ведомстволук пансионатка эс алууга жолдомолор ыйгарылды.

Республикалык олимпиадага облустук жана шаардык турларды жеңген 318 окуучу катышып, алардын арасынан 73 окуучу мыкты болушту.

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up