Ысык-аталык мугалим Н.Алагушева, республикалык сынакта «Интернет жылдызы» наамын жеңди (сүрөт)

Ысык-аталык мугалим Н.Алагушева, республикалык сынакта «Интернет жылдызы» наамын жеңди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районундагы К.Курманов атында орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Назира Алагушева республикалык «Мугалим — коомдун күзгүсү-2019» сынагында «Интернет жылдызы» наамына ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

«Сынакка 1 жума даярдандым. «Портфолио», «Менин педагогикалык философиям», «Өнөр таймаш», «Суроо-жооп», «Кыргыз улуттук кийимдери» жана бий тапшырмалары болду. Бул сынакка жалпы 11 мугалим катышты», - деди ал.

Н.Алагушева Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кызыл-Арык айылында 1977-жылы төрөлгөн. «Тельман айлындагы №1 орто мектебин аяктагам. Азыр болсо ал мектеп К.Курманов атындагы орто мектеп болуп калган. Өзүм окуган ушул мектепке 2003-жылы мугалим болуп келгем. 2011-жылдан бери директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип келем. Жолдошум Тургунбек экөөбүз 2 кыз, 2 уулду тарбиялап, өстүрдүк. Ал мени ар иште колдоп келет. Турмуштагы урааным: "Турмуштун бекем кармап шам чырагын, жалтанбай дайым алдыга умтуламын"» - деп айтып берди мугалим.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up