2 жыл катары менен республикалык олимпиаданы жеңген ысык-көлдүк Өмүрбек эми Азербайжандагы олимпиадага катышат

2 жыл катары менен республикалык олимпиаданы жеңген ысык-көлдүк Өмүрбек эми Азербайжандагы олимпиадага катышат

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Өмүрбек Жамалов республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 1-орунду багындырды. Ал ийгиликтери жана келечектеги пландары тууралуу Билим АКИpress басылмасына айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал олимпиадага 8-классынан тарта даярдана баштаган.

«Күнүнө 5 сааттан даярданчумун. Былтыр да республикалык олимпиададан информатика сабагы боюнча 1-орунду алгам. Буга чейин Казакстандагы эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышып, күмүш медалдын ээси болгом. Эми август айында Азербайжанда өтүүчү эл аралык олимпиадага катышам.

Мен 12 классты бүтүрүп, андан соң Канадага окууга тапшырайын деп жатам. Олимпиадада тандаган адистигим боюнча программист болуу ниетим бар. Кыргызстанда өзүмдүн жеке компаниямды ачканга аракет жасайм.

Мени олимпиадага көп мугалимдер даярдады. Алардын бири Кылычбек Ураимов агайдын менин өнүгүшүмө кошкон салымы чоң», - деди Өмүрбек.

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up