Нарындык мугалим М.Мамбетова республикалык сынакта 3-орунду ээледи (сүрөт)

Нарындык мугалим М.Мамбетова республикалык сынакта 3-орунду ээледи (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Мирзат Мамбетова республикалык «Мугалим — коомдун күзгүсү-2019» кароо-сынагында даярдыктын мыкты үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн «Келишимдүү мугалим-2019» номинациясы боюнча 3-орунду алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ошондой эле М.Мамбетовага уюштуруучулар тарабынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилип, Кыргызстан Аялдар конгрессинин ардак грамотасы менен сыйланды. Ал буга чейин бир катар райондук, облустук сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up