Нарындагы гимназиянын окуучулары Ташкенттеги олимпиададан 2 медаль алып келишти (сүрөт)

Нарындагы гимназиянын окуучулары Ташкенттеги олимпиададан  2 медаль алып келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Ташкентте өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалими Саламат Камчыбекова билдирди.

Анын айтымында, олимпиадага Чкалов мектебинен 4 окуучу катышууга жолдомо алышкан. Алардын экөө 8-9 жаштагылар арасында ийгиликке жетишти: Алия Токторбаева 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду. Ал эми Айсымбат Болотбекова 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды. Ошондой эле алар тиешелүү даражадагы диплом, кубок жана планшет менен сыйланышты.

Ташкентте өткөн эл аралык олимпиадага дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн 500 окуучу катышкан.

Аталган окуучулар 2-класстын окуучулары. Аларга менталдык арифметика боюнча Саламат Камчыбекова сабак берип, даярдап келет. Алия Токторбаева ушул жылдын январь айында Казакстанда өткөн олимпиадада 1-орунду камыз кылып, алтын медаль тагынган болчу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up