Ошто окуучулар арасында «Милициянын жаш досу» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды(сүрөт)

Ошто окуучулар арасында «Милициянын жаш досу» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды(сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарынын мектеп окуучулары арасында «Милициянын жаш досу» сынагы өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.

Иш-чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жана билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Маалым болгондой, сынактын катышуучулары 4 тапшырма аткарышты:

1. Саптык жүрүш;

2. Милиция кызматкерлеринин күнүмдүк жашоосун чагылдырган сахналык көрүнүш;

3. Дубал гезит;

4. Тарбиялык мааниге ээ видеоролик даярдоо.

Сынактын жыйынтыгында В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты 1-орунга ээ болду. Ал эми Бабур мектеби 2-орунду, Ю.Гагарин атындагы мектеби 3-орунду камсыз кылышты.

Жеңүүчү командалар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын дипломдору менен сыйланышты. Сыйлыкты калыстар тобунун төрагасы, Ош ШИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны Ролланд Ыдырысов тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up