Нарындагы Р.Усубалиев мектебинин окуучулары жазгы эс алууда бир катар ийгиликтерди жаратышты (сүрөт)

Нарындагы Р.Усубалиев мектебинин окуучулары жазгы эс алууда бир катар ийгиликтерди жаратышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Р.Усубалиев атындагы орто мектебинин окуучулары жазгы эс алуу учурунда бир катар жетишкендиктерге жетишти. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Саламат Абдыбилиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган мектептин окуучуларынан түзүлгөн «Эрудит» командасы Нарын шаарында өткөн «Акыл сааты» интеллектуалдык таймашында 3-орунду камсыз кылышып, сыйлоо баракчасы жана 10 томдон турган кыргыз адабияты китептери менен сыйланышты.

«Ошондой эле биздин мектепте окуу жылынын башында менталдык арифметика боюнча курс ачылып, анда Толкун Дүйшөнова окуучуларга билим берүүдө. Менталдык арифметика боюнча райондук олимпиадага 370 окуучу катышып, биздин мектептен барган 22 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылып келишти. Тактап айтканда, 2 окуучу баш байгени, 9 окуучу 1-орунду, 4 окуучу 2-орунду жана 1 окуучу 3-орунду ээлешип, облустук турга жолдомо алышкан», - деди С.Абдыбилиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up