Марказдагы окуучулар авариялык мектепке барууга аргасыз (сүрөт, видео)

Марказдагы окуучулар авариялык мектепке барууга аргасыз (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы Мырза Улукбек атындагы өзбек тилдүү мектептин имараты, терезелери мамлекеттик бюджеттин эсебинен өткөн жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бирок ошого карабастан мектептин имараты авариялык абалда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Бул билим берүү уюмунда учурда 300гө жакын окуучу билим алууда.

Мектептин директору Феруза Мусаеванын айтымында, алар 2 жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигине, өкмөткө кайрылуу жөнөтүп келишет.

«Кайрылууга кат аркылуу «авариялык абалдагы мектептердин тизмесине кирди» деген жооп алганбыз. Мугалимдер, ата-энелер биргеликте бир нече жолу тиешелүү органдарга жаңы мектеп куруп берүү боюнча кайрылуу жолдошкон. Катка жооп катары мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине сунушталары айтылган», - дейт ал.

Мектеп бир нече ирет ата-энелердин жардамы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бирок эскилиги жеткендиктен дубалдары урап түшүү коркунучунда турат. Өткөн жылы мектеп имаратынын алдыңкы тарабы, каптал жактары оңдолуп-түзөлүп, терезелери гана алмаштырылган.

Мектептин ички абалы да кооптуу. Окуучулар «кылдат болгонго аракет кылабыз» дешет. Имараты менен кошо эмеректеринин да эскилиги жеткен. Мектеп жамааты менен окуучулар жаңы мектеп салынса экен деген тилектерин билдиришүүдө.

Мугалимдер жамааты жыл сайын жаңы окуу жылынын алдында мектепти актап-сырдап, урап түшкөн жерлерин бүтөшөт. Бирок кайра эле дубалдары урап, мурунку абалга кептелип калат. Бул Марказ айыл аймагындагы өзбек тилдүү жалгыз мектеп болгондуктан, окуучулар башка мектепке барып, билим алууга мүмкүнчүлүк жок.

300гө жакын окуучу билим алып жаткан мектептеги жылытуу системасынын абалы да начар. Окуу класстары электр энергиясынын жардамы менен жылытылат.

2013-жылдагы жер титирөөнүн кесепетинен мектептин бир жак бурчу кулап түшкөн. Аны ашар жолу менен мугалимдер, ата-энелер тургузушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up