Нарындык окуучулар республикалык олимпиададан байгелүү кайтышты (сүрөт)

Нарындык окуучулар республикалык олимпиададан байгелүү кайтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарындык окуучулар республикалык олимпиададан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 1 окуучу 2-орунду, 3 окуучу 3-орунду жана 1 окуучу 4-орунду камсыз кылышты. Жалпысынан республикалык олимпиадага Нарын облусунан 34 окуучу катышкан.

Ат-Башы районунун Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин окучусу Азат Аманкулов тарых сабагынан 2-орунду камсыз кылды.

Ат-Башы районунун Ч.Асеков атындагы орто мектебинин окуучусу Сыймык Мукашов тарых сабагынан, А.Искендеров мектебинин окуучусу Зарина Акматова физика (базалык) сабагынан, Нарын шаарынын М.Субакожоев атындагы мектебинин окуучусу Султан Султанидинов физика (тереңдетилген) сабагы боюнча 3-орунду ээлешти.

Ал эми Нарын районундагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинин окуучусу Айжаркын Ленарова 4-орунду алды. Алар диплом, жана электрондук китептерди окуу үчүн курал, китеп салып алууга сертификаттар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up